Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Бүгүн, 20-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Токио шаарында Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалымдалгандай, жолугушууда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, өз ара сооданы жана инвестицияны көбөйтүү, туруктуу жана "жашыл" энергетика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле спорт жана туризм тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланган.
Япониянын премьер-министри мамлекет башчы Жапаровдун сапарын колдоп, эки жактын ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген. Ал сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтерди, анын ичинде кош салык салууну жоюу боюнча келишимди жана JICA линиясы боюнча бир катар документтерди жогору баалаган.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көбөйүшүн канааттануу менен белгилеген. Буга байланыштуу Жапаров соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн тиешелүү экономикалык ведомстволордун биргелешкен ишин активдештирүүнү сунуштаган.
Мамлекет башчысы ошондой эле туруктуу энергетиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү Кыргызстандын негизги артыкчылыктарынын бири экенин айткан. Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Япония өкмөтүнө жана элине көп жылдык колдоосу жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген.
Өз кезегинде Такаити Кыргызстан менен Япониянын ортосунда соода, экономика, маданият жана адам ресурстарын алмашуу боюнча өкмөттөр аралык комиссияны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген. Ошондой эле жашыл энергетика, маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект жаатында кызматташууга даярдык билдирилген.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Япониянын премьер-министрин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















