Садыр Жапаров менен Япониянын өкмөт башчысы бир катар документтерге кол коюшту
Бүгүн, 20-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Токио шаарында Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Жолугушууда бир катар тармактарда кызматташуу маселелери талкууланган. Андан соң эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлган.
- Садыр Жапаров менен Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты биргелешип түзүү максатында мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;
- Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана качуунун алдын алуу жөнүндө Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы макулдашуу;
- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы;
- Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн "Кыргызстанда электр тармагын эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча макулдашуу жана Кыргызстан Министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуу;
- Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн "Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы" долбоору боюнча (Кыргыз-япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана илимий жабдууларды сатып алуу) макулдашуусу жана Кыргызстан Министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу;
- Кыргызстан Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда Кыргызстандын түштүк регионунун аймактык ооруканаларынын медициналык жабдууларын жакшыртуу долбоору боюнча нота алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашуусу жана Кыргызстан Министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу;
- Кыргызстан Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда “Бишкек-Ош унаа жолундагы Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)” долбоору боюнча нота алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашуусу жана Министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу;
- Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн "Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (Жабдуулары бар эки медициналык контейнерди/дөңгөлөктүү диагностикалык кабинеттерди берүү)" долбоору боюнча макулдашуусу жана Министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу;
- Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программасы (JDS программасы)” долбоору боюнча макулдашуусу жана Министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:10
2025-12-20
9:50
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















