super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жалпы жаза 50 жылдан ашык. Пакистандын мурдагы премьер-министри жана анын жубайы дагы соттолду

 

Пакистандын соту өлкөнүн камактагы мурдагы премьер-министри Имран Ханды жана анын жубайы Бушра Бибини коррупциялык ишке күнөөлүү деп таап, 17 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Саясатчы менен анын жубайына 2021-жылдын май айында Сауд Арабиянын бийликтери белек кылган кымбат баалуу зер буюмдарын номиналдык баада сатып алган деп айыпталышкан. Тагыраагы, Пакистандын мурдагы премьер-министри буюмдарды мамлекеттик сактоочу жайга сактоонун ордуна жеке колдонуу үчүн сактап, 285 миң долларга бааланган зер буюмдары үчүн болгону мамлекетке 10,3 миллион доллар төлөгөн.

Ошондой эле сот айыпталуучуларга 58 миң 500 доллар өлчөмүндө айып салган.

Эске салсак, Хан 2023-жылы да коррупциялык ишке айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Ушул эле айып менен анын аялы 7 жылга кесилген. Абактагылар мурунку мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңы мөөнөттөрүн өтөй башташат. Муну менен мурдагы премьер-министр Хан 31 жылга, анын жубайы Бушра Биби үчүн 24 жылга эркинен ажыратылды.

Хан 2018-2022-жылдары Пакистандын премьер-министри болуп иштеген. Ал 2022-жылдын 10-апрелинде парламентте ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүүдөн кийин кызматтан алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: