Садыр Жапаров Орусияга барды
Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлады.
Маалым болгондой, мамлекет башчынын учагы кечээ, 20-декабрда Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна конду.
Садыр Жапаровду Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Орусия лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган.
Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.
Садыр Жапаров Орусияга барды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:10
2025-12-20
9:50
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















