Кыргыз-Ата жаратылыш паркында саркынды сууларды тазалоочу курулуш башталды
Оштун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында саркынды сууларды тазалоочу заманбап курулушка капсула салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, долбоордун баасы 385,8 миллион сом. Каражат президенттин фондунан бөлүнөт. Ал эми курулуш иштерин ӨКМ жүргүзөт. Долбоор Европадан алынган заманбап технологиялардын негизинде ишке ашып, аймактын экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга жана экотуризмди өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоор ишке ашырылгандан кийин аймактын экологиялык коопсуздугу камсыздалып, экотуризмди өнүктүрүүгө шарт түзүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















