super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

NBC News: Израил Иранга каршы жаңы сокку урууну пландап жатат

 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трампка Иранга жаңы сокку уруу ыктымалдыгы тууралуу маалымат берүүнү пландап жатканын NBC News телеканалы пландар менен түздөн-түз тааныш булакка, ошондой эле АКШнын мурдагы төрт аткаминерине таянуу менен билдирди.

Израил тарап Тегеран баллистикалык ракета программасын кеңейтип жатат деп эсептейт жана Нетаньяху Трамп менен боло турган жолугушууда маселени талкулоого даярданып жатат деп билдирген булактар. Алар Ирандын баллистикалык ракеталарды өндүрүү айына 3000ге чейин көбөйүшү мүмкүн деп божомолдошот.

Алардын айтымында, Израил Ирандын АКШ тарабынан июнь айында сокку урулган уранды байытуу ишканаларын кайра куруп жатканына тынчсызданууда. Тегерандын баллистикалык ракеталарды чыгаруучу жайларды калыбына келтирүү жана бузулган абадан коргонуу системаларын оңдоо аракеттери Израил тарабынан кыйла курч коркунуч катары каралууда.

Трамп менен Нетаньяху декабрь айынын аягында Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында жолугушат деп күтүлүүдө. Маалымат булактары белгилегендей, бул жолугушууда премьер-министр Ак үйдү Ирандын баллистикалык ракета программасын кеңейтүүсү коркунуч туудурат деп ишендирип, тез арада жооп кайтарууга көндүрүү аракетин көрөт.

Эске салсак, 13-июнда Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштаган. Анын максаты Тегерандын өзөктүк программасын жок кылуу болгон. Буга жооп иретинде Иран Израилге чабуул койгон.

22-июнда АКШ Ирандагы үч өзөктүк объектиге сокку урган. Иран буга да жооп кылып, Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейдге чабуул жасаган. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп эки өлкө ок атышууну токтотуу келишимине келишкенин жарыялаган. Ок атышпоо келишими 24-июндан тарта күчүнө кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: