Албаниянын парламентинде тополоң чыкты
Албаниянын парламентинде оппозициялык партиянын депутаттары бейшембидеги жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышканын чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Алар акыйкатчыны шайлоо маалында ызы-чуу салышып, түтүн фейерверктерин колдонушуп, парламент спикери Нико Пешелиге суу чачышкан.
Оппозициячыл депутаттар бийликтеги социалисттик партияны шайлоону бурмалап, өлкөдөгү демократияга шек келтирип жатат деп айыпташкан. Алар коррупцияга айыпталып жаткан вице-премьер-министр Белинда Баллукунун кызматтан кетишин талап кылышкан.
Баллуку бир нече курулуш объекттеринде мамлекеттик сатып алуу процедураларына кийлигишкен деп шектелүүдө.
Бул окуя расмий түрдө Евробиримдикке кирүү жолунда турган Албаниянын баркына сокку болду.
Албаниянын парламентинде тополоң чыккан
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:47
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















