super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Евразия паркындагы жаңы жылдык атмосфера… Бекер кирип эс алып кетиңиздер

 

Бишкекте “Евразия” паркында кышкы сезондун салтанаттуу ачылышы болуп, жаңы жылдык балатынын оту жандырылды.

Евразия маданий жана көңүл ачуу паркынын директору Вячеслав Михайлович парк шаар тургундары үчүн маанилүү коомдук мейкиндикке айланганын белгилеп, ачылгандан бери паркка жарым миллионго жакын конок келгенин айтты.

"Биз жылдын кайсы мезгилинде болбосун тургундар жана борбор калаанын коноктору үчүн магнитке айланган мейкиндик түздүк. Евразия паркы шаар жашоосунун маанилүү бөлүгү болуп саналат - үй-бүлөлүк эс алуу, баарлашуу, жаш балдардын маанайын көтөрүүчү жер” - деп баса белгиледи ал.

Кышкы сезондо коноктор үчүн муз аянтчасы ачылды. Паркта 30дан ашык тематикалык фотозоналар жана арт-инсталляциялар, анын ичинде 10 метрлик аяз атанын айкели бар. Балдар үчүн паркта күн сайын жаш коноктор менен жолугушуулар өткөрүлүүчү эки аяз ата үйү бар. "Түндүк жаркыроолору"( Северное сияние) кышкы жарманкеси да ачылды. Анда майрамдык белектер жана сувенирлер сунушталат.

Евразия паркынын кышкы программасына жаңыртылган цирк спектаклдери, сахналык шоулар, театрлаштырылган көрсөтүүлөр жана жомок каармандарынын катышуусундагы көңүл ачуулар кирет. Жаш коноктор үчүн чыгармачыл үйлөр бар, алар сүрөт тартуу, скульптура жана бетке сүрөт тартуу боюнча семинарларга өз алдынча катыша алышат.

Активдүү эс алууну сүйүүчүлөр "Муз мектеби" долбоорунан — адистер жетектеген коньки тебүү сабактарынан — жана боз үйдө билим берүүчү жана интерактивдүү иш-чараларды камтыган "Улуттук салттар" программасынан ырахат ала алышат. Ал конокторду салттуу маданияттын элементтери менен тааныштырат.

Евразия паркындагы майрамдык кышкы программа 11-январга чейин уланат. Бардык иш-чараларга кирүү жана катышуу акысыз. Болгону атайын Евразиянын тиркемесин жүктөп каттоодон өтүп, кезегиңиздер келгенде барсаңыздар болот.

Маалымат үчүн: Евразия паркы 2025-жылдын 28-августунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган. Парк Орусия менен Кыргызстан элдеринин ортосундагы достуктун символу катары жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) 10 жылдыгын белгилөө үчүн Евразия бейөкмөт уюмунун жеке каражаттары менен курулган. Парк Кыргызстанга белекке берилген. Евразия паркы 10 гектар аянтты ээлейт. Ал үй-бүлөлүк жана активдүү эс алуу үчүн заманбап коомдук мейкиндикке айланган.






Евразия паркындагы жаңы жылдык атмосфера

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: