super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чет өлкөдө фамилиясын өзгөрткөндөр боюнча мыйзам иштелип чыкты

 

"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Президенттин иш башкармалыгы иштеп чыккан документ өлкө аймагында туулуп, чет өлкөдө жүргөн жана ал жакта фамилиясын өзгөрткөндөрдүн алмашылган аты-жөнүн мамлекеттик каттоого алууну көздөйт.

Тагыраагы, чет мамлекеттердин тиешелүү органдары тарабынан берилген фамилиясын өзгөртүү жөнүндө расмий документтердин негизинде мурда өлкө аймагында түзүлгөн жарандык абалдын актыларынын тиешелүү жазууларына өзгөртүүлөр киргизилет. Өзгөртүүдөн кийинки жаңы күбөлүк фамилиясын алмаштырган адамга берилет же чет мамлекеттин тиешелүү органдары аркылуу берүү үчүн жөнөтүлөт.

"Миграциялык агымдын өсүшү, Кыргызстан жарандарынын КМШ өлкөлөрүндөгү социалдык, үй-бүлөлүк жана эмгек процесстерге активдүү катышуусу, алар тараптан аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө суроо-талаптардын көбөйүшүн эске алганда бир түрдүү укуктук жөнгө салуунун зарылдыгы өтө актуалдуу болууда", - деп жазылат документтин негиздеме-маалымкатында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: