Мототранспорт каражаттарын пайдаланууну чектөөчү токтом сунушталды
Министрлер кабинети "Өлкөнүн айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын пайдаланууга чектөө киргизүү жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документте белгиленгендей, мототранспорт каражаттарынын жүрүүсүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, тоолуу жерлерде, дарыя, көл жээктеринде чектөө киргизилет.
Негиздеме-маалымкатта транспорттун мындай түрү жер кыртышын, өсүмдүктөрдү зыянга учуратып жатканы, дарыя, көл жээктеринде жүрүшү сууну булгап жатканы айтылат. Алардын үнү жапайы жаныбарларды чочутары да кошумчаланган.
Мототранспорттору жол кырсыктарына себеп болуп, ал тургай эс алуучуларга жаракат келтирген учурлар катталган.
Документте мындай чектөөлөр жүктөм режиминде 4 кВт ашпаган, жергиликтүү калк тарабынан чарбалык максаттарда колдонулуучу электр кыймылдаткычтуу мототранспорт каражаттарына, кызматтык, издөө-куткаруу жана өрткө каршы максаттарда колдонулган мототранспортторго, Жаратылыш министрлиги менен макулдашуу аркылуу айдоодо, мототранспорт каражаттарын колдонуу зарылдыгы бар илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларда колдонулбастыгы белгиленген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















