Маск тарыхта байлыгы 700 миллиард доллардан ашкан биринчи адам болду
Илон Маск тарыхта байлыгы 700 миллиард доллардан ашкан биринчи адам болуп калды. Forbes журналынын акыркы эсеби боюнча, анын байлыгы 749 миллиард долларга жеткен.
Анын байлыгы бир жумага жетпеген убакытта 100 миллиард доллардан ашык көбөйдү. Декабрдын ортосунда эле ал тарыхта байлыгы 600 миллиард доллардан өткөн биринчи адам болгону айтылган.
Америкалык ишкердин SpaceX компаниясынын рыноктук баасы август айында 400 миллиард доллардан декабрда 800 миллиард долларга көтөрүлгөн. Бул Масктын 42 пайыз ээлик кылган таза байлыгын бир топ жогорулатты.
Экинчи орунда 400 миллиард доллар менен Oracle компаниясынын башкы директору Ларри Эллисон турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:47
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















