Кечээ, 21-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Лев Толстой атындагы эл аралык тынчтык сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу салтанаттуу аземи Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусунда өткөн.
Анда Садыр Жапаровго, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге сыйлык тапшырылган.
"Үч өлкөнүн лидерлери Борбордук Азия аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон зор жеке салымдары үчүн эл аралык сыйлыкка татышты. Мамлекет башчылары 2025-жылдын 31-мартында үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюшкан.
Сыйлыктын лауреаттары болгон Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёевдин биргелешкен аракеттери стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоого, бүткүл чөлкөмдүн эл аралык кадыр-баркын жогорулатууга багытталган",- деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 21-декабарда Орусияга иш сапары менен
барган.