Ашуулардагы чектөөлөр тууралуу маалымат
Бүгүн, 22-декабрь саат 09:30га карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттамдар бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусуна 21-декабрда киргизилген чектөө бүгүн саат 08:40та алынды. Ал эми 19-декабрдан 22-декабрга чейин Каракол-Эӊилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдар аралыгындагы унаанын бардык түрүнө киргизилген чектөө күчүндө. Чектөө кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан кабыл алынган.
Учурда жолдордо кардан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:21
2025-12-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















