super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурланбек Тургунбек уулу мыйзам долбоорлорун комитеттик жыйында талкуулоого чакырды 

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мыйзам долбоорлору чоң жыйында эмес, тармактык комитеттерде талкууланышы керектигин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда төрага аппарат жетекчилери менен өткөргөн жыйында айткан.

Анда Нурланбек Тургунбек уулу аппараттын жетекчилерине Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын ишин жаңы багытта, жаңы шартта жүргүзүү талабын койгон. Ошондой эле ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти так аткаруу керектигин белгилеген.

"Иштин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мыйзам долбоорлоруна байланышкан талкуулар чоң жыйында эмес, тармактык комитеттерде болушу керек. Депутаттар сунуштарын комитеттин отурумунда берип, ошол жактан мыйзамдар толук ийленип, иштелип чыкканда гана иштин сапатын көтөрүүгө болот. Андыктан, комитеттердин бөлүмдөрү тийиштүү документтерди сапаттуу түрдө, өз убагында даярдап берип турушу шарт",- деген төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: