super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Анкарада Кыргыз-Түрк кинематографиялык кызматташтыгы талкууланды

 

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин кинематография иштери боюнча департаментинин башкы директору Бирол Гювен менен жолугушту. Бул тууралуу 22-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, жолугушуу Түркиянын Анкара шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин жалган маалыматтарга каршы күрөшүү форумунун алкагында орун алды.

Жолугушууда тараптар кинематография тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, биргелешкен кинодолбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, жана аудиовизуалдык контент аркылуу түрк элдеринин маданий жана тарыхый мурастарын илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, позитивдүү маалыматтык мейкиндикти калыптандырууда, гуманитардык байланыштарды чыңдоодо жана азыркы шарттарда жалган маалыматтарга каршы турууда киноиндустриянын ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасында Түркиянын кино күндөрүн, Түркияда Кыргызстандын кино күндөрүн өткөрүүнү макулдашышып, профилдик мекемелердин ортосундагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары тереңдетүүгө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: