Токтогулда тоодо калган чабандар тууралуу маалымат айтылды
ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы Токтогул районуна караштуу Толук айыл аймагында калың жааган кардын кесепетинен түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, 13 короодо 26 адам жана 7760 баш мал (анын ичинде 7250 майда жандык, 330 баш бодо мал, 180 баш жылкы) азык-түлүк жана малга керектелүүчү тоютсуз калып калгандыгы тууралуу ушул жылдын 21-декабрында райондук Жарандык коргонуу кызматынын башчысына кайрылуу түшкөн.
22-декабрь күнү райондук Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү жерине чыгып, абалга мониторинг жүргүзүшүүдө. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жайытка жөө баруучу жолдун аралыгы болжол менен 50 чакырымды түзөт.
"Учурда абал көзөмөлгө алынып, Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Чаргыновдун жетекчилиги астында Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте Толук айыл өкмөтүндө ыкчам чара кабыл алуу үчүн штаб өткөрүлүүдө",- дешти башкармалыктан.
Буга чейин Толук айылында кар калың түшүп, кыштоодо калган малчыларга жетүү мүмкүн болбой жатканы маалымдалып, жергиликтүү тургундар бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурашкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















