Калыбек Качкыналиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси кызматынан бошотулду

Калыбек Качкыналиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал түзүлгөн келишимдин аягына чыккандыгына байланыштуу кызматтан бошотулган. Тиешелүү буйрукка ЖАМКнын төрагасы Советбек Арбаев кол койду.
Ал эми төраганын жаңы кеңешчиси болуп Көлбай Чолушев дайындалды. Ал 2006-2008-жылдары Жаза аткаруу башкы башкармалыктын төрагасы болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

