super.kg logo

Visa жана MBANK Кыргызстанда She’s Next, Empowered by Visa демилгесинин биринчи толкунунун жеңүүчүлөрүн аныктады

 

  • Кыргызстан боюнча 7 000 катышуучу демилгенин биринчи толкунуна катышты.
  • 20 финалист долбоорлорун коргоо үчүн Бишкекке келишти.
  • 6 жеңүүчү жалпы суммасы 19 000 АКШ доллары болгон гранттарды алышты.

Бишкек, 2025-жылдын 24-декабр – Бишкекте Кыргызстандагы Shes Next, Empowered by Visa глобалдык демилгесинин биринчи толкунунун финалы болгон Shes Next Pitch Day иш-чарасы өттү. Глобалдык демилге аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө жана өз идеяларын жана бизнесин масштабдоого даяр аялдарды колдоого багытталган. Кыргызстанда долбоорду санариптик төлөмдөр тармагындагы дүйнөлүк лидер Visa компаниясы MBANK менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.

Эксперттик комиссия тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык эң жогорку баага ээ болгон бизнес-пландарды сунуштаган 20 финалист өз долбоорлорун калыстар тобунун алдында тааныштыруу жана коргоо үчүн Бишкекке чакырылды. Калыстар тобунун курамына Visa жана MBANK компанияларынын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-коомчулуктун лидерлери кирди.

«Иштеп жаткан бизнес» жана «Жаңы башталган бизнес» категорияларындагы эң мыкты алты долбоор өз бизнесин өнүктүрүү үчүн жалпы суммасы 19 000 АКШ доллары болгон акчалай гранттарга ээ болушту.

Иштеп жаткан бизнес:

  • Биринчи орунду Джумабекова Мээримгүл заманбап кондитердик дүкөн жана кофейня Cinnabon by Meerim долбоору менен ээлеп, 6 000 АКШ доллары өлчөмүндө грант алды
  • Экинчи орунду Назира Абдисалам кызы социалдык-экологиялык «Дары Пчел» долбоору менен ээлеп, 4 000 АКШ доллары өлчөмүндө грант алды
  • Үчүнчү орунду Чистякова Азиза коррекциялык балдар бакчасы «РАСтишка» долбоору менен ээлеп, 2 000 АКШ доллары өлчөмүндө грант алды

Жаңы башталган бизнес;

  • Биринчи орунду Бектурова Эсенгүл кыргыз тилин жана маданиятын үйрөнүүгө арналган инновациялык онлайн-платформа «Эсте тил» долбоору менен ээлеп, 4 000 АКШ доллары өлчөмүндө грант алды
  • Экинчи орунду Фарида Абжапар кызы текстиль калдыктарын кайра иштетүү боюнча «EcoBrick KG» долбоору менен ээлеп, 2 000 АКШ доллары өлчөмүндө грант алды
  • Үчүнчү орунду Турдубекова Айдана кыргыз улуттук буюмдарын заманбап өндүрүү долбоору менен ээлеп, 1 000 АКШ доллары өлчөмүндө грант алды

«Кыргызстандын бардык аймактарынан жети миң катышуучу – бул абдан чоң жаратуучу күч. Алардын ар бири – өз убактысын жана көз карандысыздыгын баалаган ишкер айым. Биз MBANKта бул кайраттуулукка суктанабыз жана өнөктөштүгүбүз өз ара ишенимге негизделиши үчүн бардык аракетти кылабыз», – деп белгиледи Ишенбаев Максатбек Бейшенбекович, «Мбанк» ААК башкармалыгынын төрагасы.

«Бүгүн биз Кыргызстандагы Shes Next демилгесинин биринчи толкунунун жеңүүчүлөрүн аныктадык – бул демилге өлкө боюнча миңдеген аялдар үчүн чыныгы өсүү чекитине айланды. Ар кайсы аймактардан 7 000ден ашык ишкер айым билимге, практикалык куралдарга жана идеяларды туруктуу бизнеске айландырууга жардам берген мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту. Бул жөн гана сандар эмес – бул аялдардын үйрөнүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын экономикасына олуттуу салым кошууга даяр экенин далилдейт. Биз финалисттер менен сыймыктанабыз жана алардын ийгилиги жаңы катышуучулар үчүн багыт болуп, ишкерлик коомчулугун өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берет деп ишенебиз», – деп белгиледи Санжар Сулейманов, Visa компаниясынын Борбордук Азия боюнча вице-президенти, аймактык менеджери.

Долбоорлорду коргоо жана жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлоо менен катар, иш-чаранын алкагында аялдардын ишкердигине арналган паблик-ток өттү. Талкуунун модератору MBANKтын маркетинг жана PR департаментинин директору Зарина Акишева болду. Спикерлер катары «Мамины рецепты» үй шартында тоңдурулган азыктар дүкөндөр тармагынын негиздөөчүсү, ишкер айым Майя Кувакова, ошондой эле «Талас Даамы» наабайканалар тармагынын негиздөөчүсү Сауле Туганбаева катышты. Катышуучулар өз бизнесин түзүү жолун, жеке жана кесиптик кыйынчылыктарды, ошондой эле каржы институттарынын жана ири өнөктөштөрдүн колдоосунун маанисин талкуулашты. Спикерлер дем берүүчү окуялары менен бөлүшүп, туруктуулуктун, өзүнө ишенүүнүн жана заманбап каржылык чечимдерге жеткиликтүүлүктүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Эске салсак, Shes Next, Empowered by Visa демилгеси Кыргызстанда быйыл алгач ирет ишке киргизилди. Долбоор башталгандан бери Кыргызстан боюнча 7 000ден ашык ишкер айым катышууга катталды. Программанын алкагында катышуучулар билим берүү лекцияларынан өтүп, тестирлөөдөн, бизнес-пландарын эксперттик баалоодон өткөрүштү, ошондой эле Shes Next Pitch Day финалдык питчингинде долбоорлорун сунушташты. Ар бир этап катышуучулардын жогорку деңгээлдеги катышуусун, кесипкөй мамилесин жана өз бизнесин мындан ары өнүктүрүүгө умтулуусун көрсөттү

Visa компаниясы жөнүндө
Visa (NYSE: V) – санариптик төлөмдөр индустриясынын дүйнөлүк лидери. Visa керектөөчүлөр, бизнес, каржы жана мамлекеттик уюмдар ортосундагы төлөм транзакцияларын 200дөн ашык өлкөдө жана аймакта иштетет. Биздин миссия – керектөөчүлөрдүн жыргалчылыгына жана бизнес менен экономиканын өнүгүшүнө көмөктөшүү үчүн инновациялык, ыңгайлуу, ишенимдүү жана коопсуз төлөм тармагы аркылуу дүйнөнү бириктирүү. Биз экономикада бардыгы үчүн жеткиликтүүлүктү кеңейтүү дүйнө жүзү боюнча адамдардын жыргалчылыгынын өсүшүнө жардам берет жана келечекте акчанын глобалдык кыймылынын негизи болот деп ишенебиз.

Кененирээк маалымат: https://cis.visa.com/.

«Мбанк» ААК жөнүндө маалымат
«Мбанк» ААК (MBANK) — Кыргызстандын биринчи санарип банкы. MBANK Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын №014 лицензиясынын негизинде иш алып барат. Миссиясы: биз ар бир адам үчүн керектүү сервистердин жана инновациялык чечимдердин мыкты санарип экосистемасын түзүү аркылуу Кыргызстанды өнүктүрөбүз. MBANK — ыңгайлуу жана функционалдуу мобилдик колдонмо аркылуу банктык кызматтардын толук спектрин жана life style сервистерин сунуштаган заманбап финтех уюм. Банк финансылык операцияларды Кыргызстандагы бардык тургундар үчүн, ошондой эле өлкөдөн тышкары жүргөндөр үчүн да мүмкүн болушунча жеткиликтүү, ыңгайлуу жана коопсуз кылууга умтулат. MBANK — бул акча которуулардан жана онлайн-кредиттөөдөн тартып, бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү бар маркетплейске жана ислам банкингине чейин кеңири кызматтарды сунуштаган кыргызстандык санарип экосистема.

Кененирээк маалымат: https://mbank.kg/.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: