super.kg logo

Анвар Сартаев: "2013-жылы Кыргызстанда 4 288 өрт катталып, 75 адам каза тапты"

 

“К.Асаналиев атындагы акыйкатчы институту” коомдук уюмунун төрагасы Анвар Сартаев 21-январдагы маалымат жыйынында  “2013-жылы Кыргызстан боюнча 4 288 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 75 адам каза тапты” деп билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылы 49 мектеп, 11 бала бакча күйүп кетип, 366 миллион сом каражатка чыгым алып келген. “Кечээ Токмоктогу муниципалдык башкармалыктын имараты күйүп кетти. 16-январда Чаткал районундагы мектепке тиешелүү 450 чарчы метр аянт өрттөнгөн. 17-январда Араван районунда базардын 1 400 чарчы метр жери  өрттөнүп кеткен”,- деди ал. Бул өрткө каршы текшерүүлөрдүн жоктугунан келип чыгууда. “Өрт өчүрүүчүлөрдүн айлык маянасы көтөрүлбөй жатат” деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган көрсөткүчтөр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматтан айырмаланып турат. Мекеменин маалыматына ылайык, өткөн жылы 4 202 өрт кырсыгынан 5 адам набыт болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: