Бишкекте 2013-жылы жол кырсыгынан 3 546 адам жаракат алса, 123 адам көз жумган
2013-жылы борбор шаарда 2 898 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 21-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктар 123 адамдын өмүрүн алып кетсе, 3 546 адам жаракат алган.
Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алгандар (1 736). Коомдук транспорттун айдоочуларынын катышуусунда 179 кырсык катталган. Анда 273 адам жаракат алса, 11 адам набыт болгон. Көпчүлүк учурда айдоочулардын жолдордогу белгилерге көңүл бурбаганы себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.