Өзбекстанда метан менен иштеген май куюучу жайлардын ишине кайрадан чектөө киргизилди
8-январдан тартып Өзбекстанда унаага газ толтуруучу станциялардын ишине кайрадан чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Метан менен иштеген май куюучу жайлар убактылуу саат 10:00дөн 16:00гө чейин гана иштейт.
Министрлик мындай чечим магистралдык газ түтүктөрүндөгү басымдын төмөндөшүнө жана шашылыш чараларды көрүү зарылдыгына байланыштуу кабыл алынганын түшүндүрдү. Мекеме табигый газ менен калкты жана социалдык объектилерди туруктуу камсыз кылуу негизги приоритет болуп саналарын белгиледи. Ошондой эле министрлик бул чаралар аргасыз жана убактылуу экенин кошумчалады. Учурда газ системасындагы басымды нормалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, буга чейинки чектөөлөр декабрь айында киргизилип, 30-декабрда кадимки режимде иштей баштаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















