Трамп АКШ Мексикадагы баңгикартелдерге сокку урарын билдирди
АКШ жакын арада Мексикадагы баңгикартелдерге каршы сокку ура баштайт. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.
"Биз картелдерге каршы кургактагы соккуларды дароо баштайбыз. Картелдер Мексиканы көзөмөлдөп жатат", - деди Трамп. Анын айтымында, АКШ деңиз аркылуу ташылып келген баңгизаттардын 97 пайызын токтоткон. Эми америкалык аскерлер кургактыкта баңгикартелдерге сокку урууга даярдык көрүүдө.
Сентябрь айынын башынан тарта АКШ армиясы Венесуэланын жээктерине жакын аймактарда баңгизат ташып жүрөт деп шектелген кемелерге сокку уруп келет. Дональд Трамптын билдирүүсүнө ылайык, 3-январга караган түнү АКШ Каракас шаарына сокку урган. Андан кийин Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалган.
АКШ президенти баңгикартелдерге каршы аскердик аракеттерди Латын Америкасы жана Кариб бассейниндеги башка өлкөлөргө да кеңейтүү мүмкүн экенин, анын ичинде Мексика менен Колумбия да бар экенин жокко чыгарган жок.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















