super.kg logo

Иран АКШ менен Израилдин жаңы чабуулу болот деп эсептебейт

 

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи АКШнын же Израилдин Тегеранга каршы экинчи чабуулу болушу мүмкүн эместигин билдирди.

Арагчи Иран АКШнын же Израилдин чабуулу кайрадан кайталанса, ага жооп кайтарууга даяр экенин белгилеген.

"Эгерде экинчи чабуул болсо, алар дагы бир жеңилүүгө учурашат", - деп келтиришет чет элдик басылмалар анын сөзүн.

Буга чейин Иран армиясы толук күжүрмөн даярдыкта экенин жарыялаган. Бул билдирүү АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран митингчилерге каршы күч колдонсо, АКШ Иран жарандарын коргоого даяр экенин айткандан кийин жасалды.

Эске салсак, 13-июнда Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштаган. Анын максаты Тегерандын өзөктүк программасын жок кылуу болгон. Буга жооп иретинде Иран Израилге чабуул койгон.

22-июнда АКШ Ирандагы үч өзөктүк объектиге сокку урган. Иран буга да жооп кылып, Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейдге чабуул жасаган. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп эки өлкө ок атышууну токтотуу келишимине келишкенин жарыялаган. Ок атышпоо келишими 24-июндан тарта күчүнө кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: