super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарындагы квартиранттарды көзөмөлдөө күчөтүлөт

 

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы "Аймактык инспектордун электрондук паспорту" аталышындагы долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, пилоттук иш-чаралар Бишкектин Ленин районунда жүргүзүлөт. 

“Жаңы конуштарда жана кичи райондордо 10-20 миңге жакын адам батирди ижарага алып жашашат. Алардын көпчүлүгү айылдардан келишет. Анан жумуш жок болгондуктан ар кандай кылмыштар менен алектене башташат. Биз уюштурган долбоор кылмышкерлерди оңой табууга жардам берет. Учурда аймактык инспекторлор каттоо иштерин жүргүзүүдө жана квартиранттар боюнча маалыматтар чогултулуп жатат”, - деп Бишкек ШИИББи түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, аталган долбоорду КРнын ИИМи колдоду жана анын ийгиликтүү ишке ашырылышына каражат бөлүп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: