super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик сыйлыктарды кыскартуу сунушталууда

 

Өлкөдө мамлекеттик сыйлыктардын жарымын кыскартуу сунушталууда. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Кубан Казаков 13-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Ал билдиргендей, аталган мыйзам долбоору мамлекеттик кызмат системин бюрократиядан арылтуу жана мамлекеттик сыйлыктар системин оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.

"Азыркы учурда бардыгы 46 мамлекеттик сыйлык жана сый акы, наамдар каралган. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалын кошпогондо акыркы 15 жыл ичинде (2010-2025-жылдары) 1034 мамлекеттик сыйлык, 2837 Ардак грамотасы, 2215 ардак наамдар тапшырылган. Бул жагдай сыйлыктар кеңири берилгени алардын баалуулугу акырындык менен төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу азыркы мыйзамдагы 46 сыйлыктын ордуна жаңы мыйзам долбоорунда 20сын калтырууну сунуштап жатабыз",- деди Казаков.

Мыйзам долбоору менен "Данакер", үч даражадагы "Эрдик" ордендерин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамын жана экинчи категориядагы "Эмгек сиңирген" деген наамды мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар системинен алып салуу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын жана "Эмгек сиңирген" наамдарын министрлер кабинети тарабынан уюштуруу сунушталат.







Мамлекеттик сыйлыктар тууралуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: