super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети мас айдоочуларга жазаны күчөтүүчү мыйзам долбоорун колдоду

 

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында мас абалда жол эрежесин бузган айдоочуларга карата жазаны күчөткөн мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр сунушталууда:

  • мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү;
  • жабырлануучу менен жарашуу жолу аркылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу;
  • жазалардын даражасын кайрадан карап чыгуу;
  • эркиндигинен ажыратуунун узак мөөнөттөрүн белгилөө жана пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталууда.

"Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда",- деди Урмамбетов.

Жыйында депутаттар Азамат Исираилов менен Улукбек Узакбаев мас абалында эреже бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу менен гана чектелбей, кошумча айып пул салуу жолун караштырууга чакырды.

Эл өкүлү Болот Ибрагимов айып пул салуудагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, айдоочунун мастыгын жеринен аныктоо үчүн заманбап алкотестерлерди колдонуу жана тармактагы кызматкерлерге жетиштүү кам көрүү керектигин билдирди.

Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев жаштар арасында жол кырсыктары көп катталып жатканын айтып, зарыл болсо айдоочулук күбөлүктү алуу жаш курагын 21 жашка чейин жогорулатууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: