super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абадда 13 өнөр жай ишканасы иштебей токтоп турат

 

Жалал-Абад облусунун аймагында каттоодо турган 73 өнөр жай ишканасынын 13ү токтоп турат. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн экономика, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш бөлүмүнүн башчысы Барчынбек Жантөрөев билдирди.

 

Анын айтымында, токтоп турган ишканалардан 2013-жылы Сузак районундагы «Көк-Жаңгак көмүрү» жана «Мега Юнион Индастри» ишке кирди. «Мега Юнион Индастри» ЖЧКсы 2009-жылы курулуп ишке киргизилген. Бирок көп иштебей турганынын себеби, өндүрүлгөн продукциянын технологиясы туура эмес болгондуктан, сапатсыз продукция чыгарылган. Азыркы учурда заводдо гипс порошоктору чыгарылып, гипсокартон чыгарууга сертификат алышты.

 

Көп жылдардан бери токтоп турган ишканалардан Жалал-Абад шаарында «Азрет-Айып» ун чыгаруучу мамлекеттик резервдин буудайларын сактоочу ишканасы, «Лиматекс» жип чыгаруучу ишканасы акча каражатынын жоктугунан бир нече жылдан бери токтоп турат. Ошондой эле Майлуу-Суу шаарындагы «Изолит» жана тигүү фабрикасы, Таш-Көмүрдөгү КГСК «Кыргызгидро стальконструкция» ишканалары буйрутманын жоктугунан токтоп турат.

«Мындай көрүнүш район, шаарларда социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизин түзгөн өнөр жай тармагынын өнүгүүсүн камсыздоо боюнча жергиликтүү шарттарды эске алып, токтоп турган ишканаларды ишке киргизүүдө жаңы технологияларды колдонуу, инвестиция тартуу иштери жүргүзүлбөй жаткандыгын билдирет. 

2014-жылда жаңы курулуучу өнөр жай ишканаларын жана кайра иштетүүчү ишканаларын тактап, аларды толук кубаттуулукта үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, ишкерлер менен иш жүргүзүү, өндүрүштү жогорулатуу ар бир акимдердин, мэрлердин, айыл округдун башчыларынын негизги милдети болуу керек»,- деди  Жантөрөев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: