super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абадда кайрымдуулук иретинде уюштурулган көк бөрү оюнунан түшкөн каражат жатак үйлөргө бөлүнүп берилди

 

Жалал-Абадда кайрымдуулук иретинде уюштурулган көк бөрү оюнунан түшкөн каражат жатак үйлөргө бөлүнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад психоневрологиялык балдар үйүнө 75 010 сом, Октябрь айылындагы карылар жана майыптар үйүнө 57 271 сом, „Ак-Бермет“ балдар үйүнө 7 607 сом, Октябрь балдар интернатына 43 080 сом, Шайдан балдар үйүнө 89 201, „Ак жол“ балдарды калыбына келтирүү борборуна 14 697 сом жана Жалал-Абад шаарындагы „КОС и КОГ“ дүлөйлөр жана азиздер фондуна 67 914 сом бөлүнүп берилди. Мындан сырткары «Байэл» эмерек базарынан түшкөн эмеректер да балдар жатак үйүнө бөлүнүп берилген.

Эске салсак, 11-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси жана КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укукттуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен «Мекеним менин — Кыргызстан» аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында кылмыштуулуктун алдын алуу, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоо жана бекемдөө, жаштарды спортко, сергек жашоого үндөө жана жетим, майып балдар жана карылар үйүнө кайрымдуулук кылуу максатында көк бөрү оюну боюнча мелдеш уюштурулган. Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы берген маалыматына ылайык, аталган иш-чарада 400 миң сомдой акча каражаты чогулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: