super.kg logo
  Саясат  

Украина. Оппозиция баш аламандыкта каза тапкан биринчи адам тууралуу маалымдады

 

Майдандагы коргоо штабы Киевдин Грушев көчөсүндөгү баш аламандыкта 22 жаштагы активисттердин бири каза тапканын тастыктады. 20-январь күнү баш аламандыктын катышуучулары милицияга күйүүчү зат куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып жаткан жерге стадиондун 13 метр бийиктиктеги колоннасынан кулап, ооруканага жеткирилген. Ал алган жаракаттарынан улам 22-январда ооруканада көз жумган.

22-январга караган түнү милиция кызматкерлери Киевдин борборундагы Грушев көчөсүндө нааразылык билдиргендерди суу чачуу менен таратууга аракет кылышты. Жергиликтүү ММКлар кышында суу чачуу эл аралык стандарттарды бузуу болгондуктан, кыйноо менен барабар болот деп маалымдашууда.

Ал эми кечээ, 21-январда  «Динамо” стадионунда полиция кызматкерлери менен нааразылык акциясына чыккандардын арасында чыр чыккан. Анда милиция кызматкерлерине күйүүчү заттар ыргытылганы маалым болгон. Мындан сырткары митингге чыккандар от жагып, ага унаалардын дөңгөлөгүн күйгүзүп, көчөнү түтүн каптаган.

Белгилей кетсек, Грушев көчөсүндөгү акция 19-январдан баштап уланууда. Оппозициянын лидерлеринин бири  Виталий Кличко баш аламандыктын катышуучуларын токтотууга аракет кылган. Бирок жыйынтык чыккан эмес. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: