super.kg logo
  Саясат  

Мал чарбасындагы асылдандыруу ишин жакшырта турган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 22-январда “КРнын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди. Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, мыйзамдарга ылайык, аттестациялоодон жана кайра аттестациялоодон өткөн асыл тукум заводдорунун, чарбалардын жана фермалардын тизмесин бекитүү боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктарын калыбына келтирүү керек.

Өкмөттөн асыл тукум иши боюнча мекемелерге макам берүү укугунун алынып салынышы кыйынчылыктарга алып келет. Мисалы, макамы жок асыл тукум иши менен алектенген мекемелер мамлекеттик айыл чарба жер фондунан жерди ижарага жеңилдик менен алуудан куру калышат. Мамлекет тарабынан жеңилдик менен берилчү насыяларды ала алышпайт. Юридикалык жак болуп юстиция органдарынан каттоодон өтө алышпайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: