Депутаттар “өлкөгө кирген жаңы автоунааны каттоо үчүн 80 миң сом алууну токтотпосок, эски унаа минип жүрө беребиз” дешти
Парламентте бүгүн, 22-январда депутат Нарынбек Молдобаев Кыргызстанга кирип жаткан автоунааларды каттоо көйгөйүн айтып чыкты. “Кыргызстанга эмне үчүн эски унаалар толуп жатат? Өлкөгө кирген жаңы унааны каттоо үчүн 80 миң сом кетет. Минтсек бизге жаңы унаалар алып келинбейт. Бул депутаттардын гана эмес, карапайым элдин өтүнүчү. Мындай көрүнүш постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен бизде гана бар”,- дейт Молдобаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

