Ош шаарында мыйзамсыз Макаров тапанчасын сактап жүргөн жигит кармалды
Кечээ, 21-январь күнү саат 17:20 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамсыз курал сактап жүргөн Ош шаарынын тургунун кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Ош ШИИББинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Автор: Аксана Паизова
Маалыматка ылайык, 1992-жылы туулган Алишер аттуу жигиттин Ош шаарынын Некрасов көчөсүндөгү үйүн тинтүүгө алышканда, аталган үйдүн жер төлөсүнөн ак түстөгү целлофан баштыкка оролгон Макаров үлүгүсүндөгү, номери атайлап өчүрүлгөн тапанча жана анын 7 даана огу табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Алишердин мурда Кылмыш-жаза кодексинин 168 жана 105-беренелери боюнча соттолгону аныкталган. Учурда жогорудагы факты боюнча да кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.