"Чыңалуу күчөп баратат". Кундузбек Сулайманов айдоочулукка окутуунун мөөнөтүн сынга алды
Бүгүн, 28-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов айдоочулукка окутуунун мөөнөтүн сынга алды.
Ал реформага эл нааразы экенин айтып, аталган маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады.
"Булар эмненин негизинде 10 айга көтөрүп алышты? Бул боюнча тез арада парламенттик угуу кылбасак болбой калды. 10 айды сунуштап жаткан киши өзүнүн деңгээлине салыштырып айтып жатат болушу керек. Учкуч "мен 1 айда учак айдаганды үйрөндүм" деп айтып жатат. Чыңалуу күчөп баратат",- деди Сулайманов.
Эл өкүлүнүн пикирин кесиптеши Улукбек Карыбек уулу колдоого алып, көйгөй окутууда эмес, айдоочулук күбөлүк боюнча сынак алган жана аны тапшырган мекемеде экенин айтып, окутуунун мөөнөтүнүн узактыгына каршылыгын билдирди.
Булардын алдын депутат Дастан Бекешев жарандарды айдоочулукка окутуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаны сынга алды.
Кундузбек Сулайманов айдоочулукка окутуунун мөөнөтүн сынга алды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















