Депутат 25 жашка чейинкилерге ата-энесинин макулдугусуз насыя бербөөнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева парламенттин 28-январдагы жыйынында 25 жашка чейинки жарандар үчүн онлайн насыя берүүгө чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Эл өкүлү төлөө жөндөмдүүлүгүн жана киреше булактарын эске албай насыя берүү жаштарды карыз тузагына кептеп, алардын келечегине терс таасирин тийгизип жатканын жүйө келтирди.
"Азыркы мезгилде айрым коммерциялык банктар онлайн тиркеме менен эле насыяларды берип жатышат. Айрыкча 18 жаштан 25 жашка чейинки балдарга. Булардын туруктуу иши жок. Ошол эле мезгилде кээ бирлери ата-энесинин кароосунда. Оңой болгону үчүн алар ата-энелерине айтпай насыя алып алышууда. Насыя алууда сөзсүз түрдө ата-эненин макулдугун алуу боюнча сунушум бар",- деди депутат.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров бул боюнча банктардын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулуп, тиешелүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.
Жогорку Кеңештин жыйынында "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда.
Депутат 25 жашка чейинкилерге насыя алууда ата-энесинин макулдугун киргизүүдү сунуштады
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















