super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте “Эркин Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” аттуу акция болуп өттү (Фоторепортаж)

 
Бишкекте бүгүн борбордук "Ала-Тоо" аянтында  жарандык активисттер “Эркин Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” аттуу көргөзмө-акциясын өткөрүштү. Акцияда товарлар көргөзмөгө коюлуп, Беларусь менен Орусияга бириккенге чейинки жана андан кийинки баалар салыштырылды.
Иш-чарага ЖКнын депутаттары Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, дыйкандар жана Кыргызстандын аталган биримдикке киришине каршы жарандар катышты. 
ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков "ким кийим-кече, азык-түлүктүн баасы кымбаттасын десе, Бажы биримдигине кирүүнү колдосун" деген оюн билдирди. Мындан сырткары "биримдикке кирүү менен мигранттардын жашоосу жакшы жакка өзгөрөт" деген пикир чындыкка дал келбей турганын кошумчалады. 
Ал эми акциянын уюштуруучусу Мирбек Асангариев: "Бажы биримдигине кирүүгө каршы чыгуубуз аркылуу аталган биримдиктеги өлкөлөр менен мамилени бузууну көздөгөн жокпуз. Кыргыз элинин келечеги үчүн биримдикке кирүүнүн кереги жок. Азыркы учурда биздин балдар биринчилерден болуп каршы акцияларды уюштурууда. Балдар Ош шаарына да барып келишти. Көпчүлүк каршылыгын билдирип жатат. Айрым ММКлар туура эмес маалымат таратканын да көрүп жатабыз",- деди.





Бишкекте “Эркин Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” аттуу акция болуп өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: