super.kg logo
  Саясат  

"Нааразычылык күч алды". Жанар Акаев өкмөттүн реформаларын сынга алды

 

Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн сынга алды

Ал элдин нааразчылыгы күчөп жатканын, өкмөттү парламентке чакыруу керектигин айтты.

"Айдоочулук күбөлүк, кымбатчылык боюнча коомдо аткаруу бийлигине суроолор көбөйүп кетти, кадимкидей нааразычылык күч алды. Реформа деген мындай болбойт. Кыргызча эле эптемей реформа жасап жатышат.

Бул жерге келишсе, министрлер кабинетинин төрагасын баш кылып туруп, реформа кандай жүрүшү керектигин айтып берели. Анча-мынча жакшы китептер бар, аларды берели. Өнүккөн өлкөлөрдө реформаны кандай жасашкан? Мындай реформа болсо, болбойт",- деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, кийинки жуманын төртүнчү күнү өкмөт курамы жыйынга келиши керектигин айтты.






Жанар Акаев өкмөттүн реформаларын сынга алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: