super.kg logo
  Саясат  

Чолпон Султанбекова, депутат: “Өлкөдөгү спорттук жайлардын абалы өтө начар”

 

“Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 60тан ашык спорт жайларынын экөөсү гана мамлекетке кайтарылды”,- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова “Парламент” радиосуна берген маегинде. Айта кетсек, Султанбекова өлкөдөгү спорттук мекемелердин абалын жана багытын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссияны жетектеген. Комиссия өлкөнүн бардык аймактарындагы спорттук мектептер менен уюмдардын иши менен таанышып чыкты. Анда спорттук мектептер менен спорт уюмдарынын материалдык-техникалык базасы өтө начар деп табылган. Спортсмендер үчүн жетиштүү шарттар түзүлбөгөнү да ачык болду

Султанбекова борбор шаардагы Кожомкул атындагы Спорт сарайы да эл аралык стандарттардын ченемдерине дал келбей турганын айтты.

“Чоң спорттун мектеби көркөм гимнастикадан башталышы керек. Ал дене түзүлүштүн ийкемдүүлүгүн гана камсыздабастан, ар кандай коопсуздуктардан коргонуунун да ыкмаларын үйрөтөт”,- дейт Султанбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: