Министрлер кабинетинин жыйынында энергетика жана аткаруучулук тартип талкууланды
Кечээ, 30-январда Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер кабинетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жыйынга президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.
Алгач “Электр энергетикасы жөнүндөгү” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды. Мыйзам долбоорунун максаты, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен курулган объекттердин кубаттуулук чегин 30дан 50 Мегаваттка чейин жогорулатуу. Бул кадам ири инвесторлорду тартууга мүмкүндүк берет. Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин баяндамасынан кийин Министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.
Андан соң 2025-жылга Министрлер кабинетинин иш-аракеттер планынын ишке ашырылышынын жыйынтыктары каралды. Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Нурбек Ташбековдун баяндамасы угулду. Ага ылайык, коюлган тапшырмаларды ишке ашыруудагы министрликтердин, мамлекеттик агенттиктердин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, Бишкек жана Ош шаардык мэрияларынын аткаруучулук ишмердүүлүгү каралды. Мактоолор менен бирге айрым ведомстволордун жетекчилерине тартип чаралары көрүлө турган болду.
Бул багытта, Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин тескемеси менен иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлин баалоо методикасы бекитилгенин, ага ылайык жыл сайын баалоо жүргүзүлөрүн жана быйыл да бул методика колдонулганын билдирди.
“Чындыгында жакшы иштер көп, бирок объективдүү жана субъективдүү жагдайлардан улам аткарылбай калган иштерибиз да жок эмес. Биздин максатыбыз – баа коюш эмес, биздин максат – мамлекетти өнүктүрүүнүн улуттук программасын Министрлер кабинетинин иш-аракеттер планы аркылуу толук жана жогорку деңгээлде ишке ашыруу. Бизде аткаруучулук тартип күчтүү болгондо гана – социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетип, элибиздин бакубаттыгын жогорулата алабыз”, – деди Касымалиев.
Кошумчалай кетсек, 2025-жылга Министрлер кабинетинин иш-аракеттер планынын алкагында ири иш-чаралар ишке ашырылды. Ал эми мамлекеттик органдарды баалоо 292 иш-чаранын негизинде болду. Анда өнөр жай жана өндүрүш, агроөнөр жай, транспорт, энергетика, санариптештирүү, инвестиция, курулуш тармактарында жана социалдык чөйрөдөгү аткаруу иштеринин жүрүшүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүлгөн.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















