Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имараты ишке берилди (сүрөттөр)
Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имараты колдонууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда президенттин администрациясы билдирип, ага Нарын облусуна иш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын кошумчалашты.
“2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык Камбар-Ата–1 ГЭСи, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлор ишке ашат. Бүт аймактар өзгөрөт. Дал ушундай масштабдуу өзгөрүүлөрдө кымындай да коррупцияга алдырбоо, калыстыктан тайбоо, ишти иликтөөдө салкын кандуулук жана акыйкаттуулук менен иш алып баруу – мамлекеттин аброюн көтөрүп, элдин бийликке болгон ишенимин бекемдейт. Бул багытта прокуратура президенттин чоң жардамчысы болууга тийиш”, – деди Касымалиев.
Төрага 2020-жылдагы өлкөнүн акыбалы менен азыркы өзгөрүүлөрдүн асман менен жердей айырмасы бар экенин айтып, алдыдагы беш жылда дагы ири иштер жасаларын, анда прокуратура органдарынын ак ниет иштөөсүнүн маанисин таасын белгиледи.
Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имаратын салууга республикалык бюджеттен 85,5 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ал эми Нарынды өнүктүрүүгө 9,4 миллиард сом берилген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















