Дагы бир талапкер №13 округдагы шайлоого катышуудан баш тартты
№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуудан дагы бир талапкер баш тартты. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Нурбек Мурашев шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызды 30-январда тапшырган. БШК анын арызын бүгүн, 2-февралда карады.
БШК Мурашевдин арызын эске алды.
Маалымат үчүн: БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.
№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















