Орусиянын ордуна АКШ. Индия мунай саясатын өзгөрттү
Индиянын бийлиги Орусиядан мунай сатып алууну токтотуп, бул тармакта АКШ менен кызматташууга өттү. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
АКШ лидери билдиргендей, сүйлөшүү учурунда алар соода маселелерин жана орус-украин жаңжалынын аяктоосун талкуулашкан.
"Моди Орусиядан мунай сатып алууну токтотуп, АКШдан, балким, Венесуэладан да мунай сатып алууга макул болду. Бул Украинадагы согушту токтотууга жардам берет",- деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагында.
Ошондой эле Трамп АКШ менен Индиянын ортосунда соода келишими түзүлгөнүн, ал дароо күчүнө кирерин жарыялады. Макулдашуунун алкагында АКШ Индия үчүн бажы төлөмдөрүн 25 пайыздан 18 пайызга чейин төмөндөтөт. Ал эми Индия АКШга карата тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды нөлгө чейин азайтууга умтулат.
Келишимдин алкагында Нью-Дели АКШдан энергетика, көмүр жана айыл чарба тармактарын камтыган товарларды 500 миллиард доллардан ашык суммада сатып алууга көндү.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















