VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш парадына катышуучулардын параддык экипировкасынын дизайнын аныктоо боюнча конкурс жарыяланат. Бул тууралуу Дене тарбия жанан спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Талаптарга ылайык, параддык форма улуттук стилде аткарылып, Көчмөндөр оюндарынын атрибутикасын камтышы керек. Ал баш кийим, сырткы кийим, эркектер үчүн шым, аялдар үчүн көйнөктөн турушу зарыл. Формалар спортчулар, машыктыруучулар жана калыстар үчүн заманбап эстетикалык талаптарга жооп бериши шарт.
Конкурска катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 10-февралына чейин кабыл алынат. Жеңүүчүгө сертификат жана 200 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, мыкты үлгүлөр расмий иш-чараларда колдонулат. Ошондой эле жеңген иштерге болгон автордук укуктар дирекциянын карамагына өтөт.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтөт.