Министр Каныбек Досмамбетов ДССУнун өкүлү менен кызматташууну талкуулады
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 3-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мекеме кабарлайт.
Тараптар кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, кадрдык потенциалды чыңдоо, саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү, өзгөчө кырдаалдарга даярдык, ошондой эле антимикробдук туруктуулук жана психикалык саламаттык маселелерин талкуулашты.
ДССУнун сунуштары жана техникалык экспертизасы саламаттык сактоо тармагындагы улуттук программаларды жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда кеңири колдонулуп жатканы белгиленди.
Саламаттык сактоо министрлиги 2024–2030-жылдарга карата ДССУнун Кыргыз Республикасы менен кызматташуу стратегиясынын биргелешкен иш-чараларды пландаштырууда негизги документ экенин белгилеп, ошол эле учурда саламаттык сактоо системасынын учурдагы артыкчылыктарына жана милдеттерине жараша аны ийкемдүү адаптациялоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык жана улуттук иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду. Бул багытта ДССУнун өнөктөштөрдүн аракеттерин шайкеш келтирүүдөгү, эл аралык тажрыйбаны жана мыкты практикаларды илгерилетүүдөгү ролу белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар практикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, үзгүлтүксүз диалог жүргүзүүгө жана саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга, калктын ден соолугун жакшыртууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин тастыкташты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















