Депутат Жылдыз Жолдошованын айдоочусу иштен мыйзамсыз айдалганын айтып чыкты



Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз
Жолдошованын айдоочусу Бакыт Турдакунов иштен мыйзамсыз айдалганын бүгүн,
22-январда маалымат жыйында айтты. Ал 2004-жылдан бери Жогорку Кеңештин
гаражында айдоочу болуп иштеп келет. “2012-жылы Жылдыз Жолдошовага айдоочу болгом. 2013-жылы 21-сентябрда унааны
чукул тормоздоодон улам кокустук болуп колунан жаракат алган. Ошондон кийин ал
башка айдоочу сурап мени иштен айдоону талап кылып келген. 2 айдан бери жумушум
жок. Иштен мыйзамсыз айдалышым боюнча арыз жазгам. Бүгүн сот отуруму болмок,
бирок аны жылдырып коюшту”,- дейт Турдакунов.
Автор: Автандил Добулбеков
Фото: Нургазы Аматов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

