super.kg logo
  Саясат  

Саламат Аманов: "Чек ара маселелери эки элдин кызыкчылыгына тең жооп бериши керек"

 
Бүгүн, 22-январда Коомдук саясат институтунда “2014-жылга карата тобокелдер” аттуу тегерек стол өтүүдө. Анда КРнын Илимдер академиясынын алдындагы география бөлүмүнүн башчысы Саламат Аманов Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүү керектигин, буга чейин эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда 8 жыйын болуп, бирок маселелер чечилбей келгенин айтты.
 “2013-жылы январь-октябрь айларында Кыргызстандагы чек араларында чыккан чыр-чатактын саны 41ге жеткен жана алар адамдын өмүрүнө кол салуулар менен коштолгон. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы январда болуп өткөн окуяга жерлердин өз учурунда такталбай калганы себеп болду. Эки тараптын бири-биринин күнөөлөшү, сууларды колдонуу, жерлерди мыйзамсыз пайдалануу боюнча келип чыккан маселелер эки элдин кызыкчылыгына тең жооп бере тургандай чечилиши керек”,- деди ал өз сөзүндө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: