super.kg logo

“Япониядан машина алып келип берем” деп 9 адамдан акча алып качып жүргөн адам кармалды

 
“Япониядан Субару Аутбек үлгүсүндөгү унаа алып келип берем” деп Чүй облусунун Новопавловка айылынын тургуну Б.Эмирден алдоо жолу менен 143 миң сом алган Бишкек шаарынын Абай көчөсүнүн тургуну Т.Тынчтыкбек кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-январда кабарлады.
Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө Т. Тынчтыкбектин Б.Эмирден башка дагы 8 адамдан унаа алып келип берем деп акча алгандыгы (жалпы суммасы 50 миң долларга жакын) аныкталып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: