super.kg logo

Иран АКШ чабуул койсо, Перс булуңундагы америкалык базаларга сокку урарын билдирди

 

АКШ тарабынан чабуул жасалган учурда Иран Перс булуңу аймагындагы америкалык аскердик базаларга жооп кайтарарын билдирди. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Al Jazeera телеканалына берген маегинде айтты.

Анын айтымында, Ирандын АКШнын аймагына түз сокку уруу мүмкүнчүлүгү жок. Бирок Вашингтон Иранга кол салса, Тегеран аймактагы америкалык объектилерди бутага алат.

"Эгер АКШ бизге кол салса, биз анын аймактагы базаларына чабуул коёбуз", — деди Аракчи. Ал ошондой эле америкалык аскерлер жайгашкан өлкөлөрдүн аймагындагы базалар да соккуга кабылышы мүмкүн экенин белгиледи.

Министрдин билдирүүсү Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөп турган шартта жасалды. Бул аймакта АКШнын бир катар аскердик объектилери жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: