super.kg logo
  Саясат  

Балдарына алимент төлөөдөн качкандардын жоопкерчилиги күчөйт

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 22-январда ата-энелерге алимент чектөө жана төлөө кепилдиктерин жөнгө сала турган мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилердин бири депутат Элмира Жумалиеванын айтымында, балдарды тарбиялоого жана тийиштүү деңгээлде багууга ниети жок айрым ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Бирок бул нерсе мыйзам менен бекитилген эмес. Мыйзам долбоору менен Үй-бүлө кодексинин айрым беренелерине толуктоолор киргизилет. Мындай чара Үй-бүлө кодексиндеги мүлктү (же анын бир бөлүгүн) баланын менчигине берүү жана ушул негизде алименттик милдеттенмелерди токтотуу боюнча укуктук кемчиликтерди жоёт. Буга чейин депутаттар соттун чечимине карабай айрым адамдар балдары үчүн алимент төлөөдөн качып жатканын айтышкан. Мыйзам кабыл алынса, жоопкерчиликтен качкан аталар төлөнчү алименттин суммасынан 3 эсе көп айып төлөмөкчү.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: