super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад шаарынын бюджетинин долбоору шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлдү

 

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга түзүлгөн долбоору жана 2015-2016-жылдарга болжолу шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор боюнча ушул жылга шаардык бюджеттин киреше бөлүгүндө 335733,2 миң сом түшүшү күтүлүүдө. Анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер - 48 000 миң сом болууда. Ошондой эле киреше бөлүгүнүн мүмкүнчүлүгүнө ылайык чыгашалар 335 733,2 миң сомго түзүлүүдө.

«Негизинен үстүбүздөгү жылга коюлган иш-чаралар шаарыбыздын инфраструктурасын көтөрүүгө жана социалдык жактан өнүктүрүүгө  багытталган»,- деп билдирди Жалал-Абад шаардык каржы башкармалыгынын башчысы Азамат Раматиллаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: