Рютте: "НАТОдо жогорку башкы командачы америкалык бойдон калышы керек"
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте бириккен күчтөрдүн жогорку башкы командачысынын (SACEUR) кызматы мындан ары да америкалык өкүлгө таандык болушу керектигин билдирди. Анын айтымында, Европа өлкөлөрү коргонууга көбүрөөк каражат бөлө баштаса да, альянстын күчтөрүндөгү тең салмактуулукту сактоо маанилүү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Бул жерде сөз тең салмак тууралуу болуп жатат. Менимче, жогорку башкы командачы америкалык бойдон калышы өтө маанилүү. Анткени Европада ар дайым АКШнын күчтүү кадимки (конвенционалдык) аскердик катышуусу болот. Европалыктар активдешсе да, келечекте бул катышуу сакталат, анын ичинде АКШнын өзөктүк калканы да", — деди Рютте НАТОнун мүчө өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынынан кийин.
Жаңы жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү НАТОдогу ролдорду тактоо жана Европа өлкөлөрүнүн коргонуу тармагындагы салымын күчөтүү максатын көздөйт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















